From Wikipedia, the free encyclopedia
Компас (немисче kompass, италиялыкта compasiare – кадам ченөө) – бир орунда туруп, дүйнө жүзүнүн туш тарабын (багытын) аныктоочу аспап. Өз ичинен магниттүү, гироскоптуу, астрономиялык, радиокомпас болуп бир нече түрлөргө бөлүнөт. Магниттүү Компас түз, туруктуу магнит жебеси же тогу бар катушка Жердин магнит талаасы менен Магниттүү компас аракетке келгенде, меридианды бойлоп түндүк, түштүк багытты көрсөтүшүнө негизделген. Гироскоптуу Компас тез айлануучу ротордун багытын өзгөртпөй, меридиан тегиздигинде сактап турат. Астрономиялык Компас Күнгө багытталып, географиялык меридианды аныктайт. Радио компаста радио кабылдоочу түзүлүш менен радиомаяк багытты автоматтуу жазып алат. Компас деңизде сүзүү, авиация, согуш иши, саякатка чыгуу, геология, топография ж. б. тармактарда колдонулат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.