Кичи Зонд аралдары — Малайя архипелагынын түштүк бөлүгү, негизинен Индонезиянын курамында. Инди океаны, Бали, Флорес, Банда, Саву, Тимор деңиздери менен чулганат. Ири аралдары: Бали, Сумба, Сумбава, Флорес, Тимор. Узундугу 1300 кмдей, аянты 128 миң км2. Тоолуу рельеф басымдуу; жанартоолор да көп (бийиктиги 3726 мге чейин, Ринжани жанар тоосу). Климаты субэкватордук, муссондук. Жалбырагы күбүлмө тропиктик токой жана саванна өсөт. Шалы, татымал өсүмдүктөр, кокос пальмасы өстүрүлөт; балык кармалат.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.