Кара-Суу району — Кыргызстандын Ош облусунун курамындагы район. Административдик борбору ― Кара-Суу шаары[1].
Бул түшүнүктүн башка маанилерин караңыз:
Кара-Суу.
Ыкчам фактылар Кара-Суу району, Өлкө ...
Жабуу
Калктын саны ― 448 608 (2021-жылы), 2009-жылы — 348 645 адам.
Райондун курамына райондук маанидеги шаар — Кара-Суу жана 137 айылды камтыган 16 айыл аймагы кирет[2]:
- Ак-Таш айыл аймагы: Ак-Таш (борбору), Жылкелди, Барак;
- Жаңы-Арык айыл аймагы: Жаңы-Арык (борбору), Ак-Терек, Правда, Таш-Арык;
- Жоош айыл аймагы: Большевик (борбору), Агартуу, Гайрат, Зарбалык, Калинин, Коммунизм, Кызыл-Кошчу, Кызыл-Сарай, Маданият, Мамажан, Питомник;
- Катта-Талдык айыл аймагы: Баш-Булак (борбору), Жаңы-Турмуш, Кара-Сөгөт, Талдык, Кичик, Кызыл-Ордо, Садырбай, Эшме, Ачы, Торгой-Булак;
- Кашгар-Кыштак айыл аймагы: Кашгар-Кыштак (борбору), Алга-Бас, Анжыян-Маала, Бек-Жар, Жаз-Ооз, Кенжекул, Тажик-Маала, Монок;
- Кызыл-Кыштак айыл аймагы: Кызыл-Кыштак (борбору), Анжыян, Бел-Кыштак, Жаңы-Кыштак, Карл Маркс, Коммунист, Кызыл-Байрак;
- Кызыл-Суу айыл аймагы: Чайчы (борбору), Ак-Жар, Коргон, Миялы, Алпордо, Талаа, Учкун;
- Мады айыл аймагы: Кыргыз-Чек (борбору), Асанчек, Жоош, Каарман, Лаглан, Мады, Октябрь, Социализм, Тээке, Учкун, Чагыр;
- Нариман айыл аймагы: Нариман (борбору), Алим-Тепе, Беш-Мойнок, ВЛКСМ, Жаңы-Маала, Жийдалик, Каратай, Осмон, Куранкол, Кызыл-Мехнат, Лангар, Нурдар, Жим, Тажикабад;
- Отуз-Адыр айыл аймагы: Отуз-Адыр (борбору), Кара-Дөбө, Кызыл-Абад, Кыш-Абад, Савай-Арык, Фурхат, Ынтымак, Жаңы-Кызыл-Суу, Тынчтык;
- Сары-Колот айыл аймагы: Сары-Колот (борбору), Ак-Колот, Курбан-Кара, Шералы, Присавай, Тынчтык;
- Папан айыл аймагы: Папан (борбору), Ак-Терек, Алчалы, Ата-Мерек, Бөрү, Карагур, Кожо-Келең, Кызыл-Туу, Тогуз-Булак, Ак-Буура-1, Ак-Буура-2, Ак-Буура-3, Ак-Буура-4, Камыр-Суу, Жар-Башы, Чычкан-Кол, Андагул, Жаны-Турмуш;
- Савай айыл аймагы: Кызыл-Шарк (борбору), Кең-Сай, Көчкөн-Жар, Курбан-Кара, Кыдырша, Октябрь, Ынтымак, Савай, Султан-Абад;
- Сарай айыл аймагы: Киров (борбору), Эркин, Присавай, Коңурат, Тельман, Ак-Оргоо;
- Төлөйкөн айыл аймагы: Дыйкан-Кыштак (борбору), Кыргызстан, Озгур (бөлүгү), Төлөйкөн (бөлүгү), Учар, Бодур-Таш, Жапалак;
- Шарк айыл аймагы: Шарк (борбору), Таштак, Имам-Ата, Маданият, Топ-Терек, Фуркат, Медресе;
Кара-Суу районундагы калктуу конуштардын картасы