From Wikipedia, the free encyclopedia
Кара-Буура ашуусу — Талас Ала-Тоосунда, Кара-Буура (Таластын сол куймасы) жана Каракысмак (Чаткалдын оң куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийиктиги 3305 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 500— 600 м.
Түндүгү чополуу тик бет; түштүгү куюлма шагыл, кумдуу. Ашуу үстүнкү протерозойдун филлит, кумдук, алевролит тектеринен туруп, мойногу чополуу жана корумдуу келет. Ал аркылуу өткөн автоунаа жолу Талас жана Чаткал өрөөндөрүн байланыштырат. Жол июнь айында ачылып, сентябрь — октябрь айларында кайра жабылат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.