Канжар
From Wikipedia, the free encyclopedia
Канжар, шамшар – бетме-бет кармашууда саюу үчүн колдонулуучу кош миздүү курал. Мыкты болоттон толтолонуп, катуу жыгачтан, сөөктөн, мүйүздөн кооздолуп сап жасалат. Анын тагынууга ыңгайлуу асемделген кыны болот. Кынындагы бүлдүргөсү менен курга бекитилет.