КанберраАвстралиянын борбору (1927-жылдан) шаар.

Thumb
Канберра.

Австралиянын түштүк-чыгышында, дөңсөөлүү түздүктө, деңиз деңгээлинен 600 м бийикте, Берли-Гриффин жасалма көлүнүн жээгинде жайгашкан. Калкы 329,2 миң (2008). Канберра шаар айланасы мн өз алдынча административдик бирдикти түзөт. Өлкөнүн илимий, ишкер жана маданий борбору. Темир жол аркылуу Сидней шаары менен туташат. Шаар америкалык архитектор У. Б. жана М. М. Гриффиндердин долбоору боюнча (эл аралык конкурста жеңген) 1913-жылдан курула баштаган. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Коомдук, мамлекеттик жана саясий уюмдардын штаб-квартиралары, улуттук ири банктардын өкүлчүлүктөрү жайгашкан. Тамак-аш, жеңил, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. ИА, Улуттук CSIRO агентчилигинин штаб-квартирасы, Австралия аборигендерин жана Торрес кысыгындагы аралдардын жашоочуларын изилдөөчү институт, университеттер, китепканалар, улуттук галерея, илим жана техника улуттук борбору, музейлер (анын ичинен динозаврлар), театрлар (анын ичинен опера), Австралия аскер мемориалы жана башка бар. Бардык курулуштары неоклассика стилинде салынып, 11—12 кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салынган. Ботаникалык бак, зоопарк жана аквариум уюштурулган. Жыл сайын улуттук фольклор жана гүлдөр фестивалдары өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар

Wikiwand in your browser!

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.

Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.