Йемен
From Wikipedia, the free encyclopedia
Йемен - (Аль-Йаман), Йемен Республикасы (аль-Жумхурий аль-Йаманий) Түштүк Батыш Азиядагы мамлекет; Араб жарым аралынын түштүк -батышында. Батышынан Кызыл деңиз (андагы Баб-эль-Мандеб кысыгы Йеменди Африкадан бөлөт), түштүгүнөн Аден булуңу менен чулганып, түндүгүнөн Сауд Арабиясы, чыгышынан Оман менен чектешет. Йеменге ошондой эле Араб деңизиндеги Сокотра жана Эль-Ихван, Баб-эль-Мандеб кысыгындагы Перим, Кызыл деңиздеги Зубайр, ЭльХаниш-эль-Кабир ж. б. аралдар да карайт. Аянты 528,1 миң км2; түндүк жана түндүк-чыгыш чек арасы чөл аркылуу өткөндүктөн, так аныкталган эмес. Калкы 21,9 млн (2008). Расмий тили араб тили. Борбору Сана шаары Аден өлкөнүн экономикалык борбору статусуна ээ. Акча бирдиги Йемен риалы. Административдик-аймактык жактан 20 мухафазага бөлүнөт, Сана шаары өзгөчө административдик бирдик болуп саналат. Йемен БУУнун (1947), Араб өлкөлөр лигасынын (1945), Ислам конф-ясы уюмунун (1969), ЭВФтин (1969) мүчөсү.
Администрациялык-аймактык бирдиги (2007):
Мухафаза |
Аянты, миң км2 |
Калкы, миң |
Адм. борбору |
Абьян |
23,9 |
466,6 |
Зинжибар |
Аден |
6,9 |
650,7 |
Аден |
Амана-эль-Асма |
0,3 |
2015,6 |
Сана |
Амран |
9,3 |
910,3 |
Амран |
Дамар |
8,3 |
1448,9 |
Дамар |
Ибб |
6,2 |
2274,0 |
Ибб |
Лахж |
16,7 |
778,0 |
Лахж (ЭльХаута) |
Мариб |
15,2 |
259,7 |
Мариб |
Райма |
2,2 |
426,7 |
Жебин |
Саада |
13,3 |
760,9 |
Саада |
Таиз |
12,6 |
2556,4 |
Таиз |
Хаджа |
8,9 |
1599,5 |
Хаджа |
Хадрамаут |
193,6 |
1113,3 |
Эль-Мукалла |
Ходейда |
15,7 |
2347,7 |
Ходейда |
Шабва |
39,1 |
496,5 |
Атак |
Эд-Дали |
3,4 |
515,0 |
Эд-Дали |
Эль-Байда |
10,8 |
605,2 |
Эль-Байда |
Эль-Жауф |
28,9 |
482,0 |
Эль-Хазм |
Эль-Махвит |
2,5 |
533,3 |
Эль-Махвит |
Эль-Махра |
93,9 |
100,3 |
Эль-Гайда |
Сана |
16,4 |
966,0 |
|