Исланд тили
From Wikipedia, the free encyclopedia
Исланд тили - исланддардын тили, герман тилдериндеги скандинавия тобунун батыш Скандинавия бөлүгүнө кирет.
Исландия жана Түндүк Америкада таралган. Эзелки эстеликтери - скальд ырлары (9-кылым). Байыркы кол жазмалары 12-кылымдын аягына таандык. 12-13иылымдарда Исланд тилинин норвег тилинен айырмасы жок болгон. Андан бери Исланд тили фонетикалык жактан көп өзгөрүүлөргө учурады, бирок морфологиясында негизинен өзгөрүү болгон жок. Азыркы орфографиясы (19-кылымдын башында иштелген) байыркы Исланд тилиники өтө жакын. Азыркы исланд тилинде башка тилдерден кирген сөздөр жана диалектилик айырмачылыктар жокко эсе.