![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/d/dc/Irkutsk_ISS011-E-9913.jpg/640px-Irkutsk_ISS011-E-9913.jpg&w=640&q=50)
Иркутск
From Wikipedia, the free encyclopedia
Иркутск – Россиядагы шаар (1686-жылдан). Иркутск облусунун административдик борбору. Иркут дарыясынын куймасы Ангара дарыясынын чатына жакын жайгашкан. Ангара дарыясындагы пристань. Калкы 576,0 миң (2008). Транссибирь магистралындагы темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/d/dc/Irkutsk_ISS011-E-9913.jpg/640px-Irkutsk_ISS011-E-9913.jpg)
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/e7/Coat_of_Arms_of_Irkutsk.png/110px-Coat_of_Arms_of_Irkutsk.png)
Шаардын пайда болушуна орус кыштагынын, андан соң Иркутск чыңдоосунун (1661-69; анда согуш жана аң уулоочу куралдар сакталып, Байкал боюндагы тургундарга ар түрдүү товарлар сатылып турган) курулушу түрткү болгон. Кийинчерээк Чыгыш Сибирдин аскер-административдик борбору, 1686-ж. шаар статусун алган. Учурда Иркутск Чыгыш Сибирдин ири экономикалык, илимий жана маданий борбору. Шаардын чегинде (Ангарада) Иркутск ГЭСи курулган. Оор машина, станок жана авиакуруу (андан ичкери аскер самолёттору СУ-30, ЯК-130, көп функциялуу самолёть-амфибия Бе-200 экспорттолот), электртехникалык жана башкалар өнөр жай ишканалары, слюда иштетүүчү фабрикасы иштейт. Россия ИАнын Сибирь бөлүмүнүн филиалы, 9 ЖОЖ (андан ичкери университет), китепканалар (андан ичкери азиздер үчүн), 4 театр, филармония, цирк, мекен таануу, сүрөт музейлери, мемориалдык комплекс («Декабристтер Иркутскиде») бар. Спасс чиркөөсү (1706-10), коңгуроолуу мунара (1758-62), Богоявленск собору (1718-31), Знаменск монастыры (1689) жана башкалар сакталган. Жыл сайын эл аралык (андан ичкери «Жылдыздар Байкалда», 2004; «Декабристтер кечтери», 1985) жана фольклор фестивалдары, ошондой эле «Байкалтур» эл аралык турист көргөзмөсү (1006), эки жылда бир Бүткүл россиялык театр фестивалы (1997) өткөрүлүп турат.