![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/71/Bacteria_with_capsule.jpg/640px-Bacteria_with_capsule.jpg&w=640&q=50)
Инфекция
From Wikipedia, the free encyclopedia
Инфе́кция (латын тилинин inficio, infeci, infectum «жугузуу» сөзүнөн) — бул бактерия, вирус, мите жана козу карын сыяктуу патогендик микроорганизмдердин өз ара аракеттенүүсүнөн кийин алардын тирүү организмдерге жугушу. Бул бактерияларды жуктуруу жугуштуу оорулардын пайда болушуна алып келет. Аталган термин жугуштуу бактериялардын адам организми менен таасирлешүүсүнүн ар кандай түрлөрүн билдирет.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/71/Bacteria_with_capsule.jpg/640px-Bacteria_with_capsule.jpg)
Оорулар адамдан адамга түз же кыйыр түрдө жугушу мүмкүн. Инфекция организмге патогендик микроорганизм (вирус же бактерия) бекем жайгашып, ал жерде өсүп жана көбөйгөндө башталат.