![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/0/00/Flag_of_Ingushetia.svg/langky-640px-Flag_of_Ingushetia.svg.png&w=640&q=50)
Ингушстан
россия федерациясынын субъекти. / From Wikipedia, the free encyclopedia
Иңгушстан, Иңгушстан Республикасы — (иңг. Гӏалгӏайче) Россиянын европалык бөлүгүнүн түштүгүндө, Чоң Кавказдын түндүк капталында жайгашкан. Гүржүстан менен чектешет. Түштүк федерация округуна кирет. Аянты 3,6 миң км2. Калкы 492,7 миң (2007); негизинен ингуштар басымдуу (77,3%; 2002), ошондой эле чечендер (20%), орустар (1,2), бир аз санда түрктөр, грузиндер жашайт. Ингушстанда жашаган калктын көпчүлүгү ислам (мусулмандар) динин тутат.
Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 131,3 киши. Борбору Магас (2000-жылдан); Административдик-айм. жактан 4 районго жана 4 шаарга бөлүнөт. Шаар калкы 42,9%. Шаарлары: Назрань (1999-ж. чейин убактылуу административдик борбор), Малгобек, Кара-Булак. Түштүк Федерация округуна кирет.