From Wikipedia, the free encyclopedia
Аманбаев Жумгалбек (1945-ж. т., г Жумгал району, Чаек айылы - 2005, Каракол) — партиялык жана мамлекеттик ишмер. Биология илимдеринин кандидаты (1970).
1966-ж. К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институтун бүткөн.
Эмгек жолун 1966-ж. Тянь-Шань мал чарба тажрыйба чарбасында зоотехник болуп баштаган.
1967—70-ж. Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунун аспиранты.
1970-ж. Ошол эле институтта улук илимий кызматкер.
1971—73-ж. Ош облустук мамлекеттик асыл тукум станциясында директор.
1973—74-ж. Кыргызстан КПнын Ош облустук комитетинин айыл чарба бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчы.
1978-ж. Алай райондук партия комитетинде биринчи катчы.
1981-жылдан Ош облустук партия комитетинде катчы, 1985—88-ж. Кыргызстан КП БКнын катчысы. 1988-91-ж. Ысык-Көл облустук партия комитетинин биринчи катчысы.
1991-ж. Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы.
1991- жылдын октябрынан Кыргызстан агроөнөр жай экономикасынын илимий изилдөө институтунун директорунун орун басары, ушул эле жылдын декабрында институт жоюлгандан кийин Кыргыз Агробизнес борборунун кенешчиси.
1993-ж. декабрынан Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри.
Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.