From Wikipedia, the free encyclopedia
Жогорку сот – жарандык, кылмыш-жаза, административдик сот өндүрүшү чөйрөсүндө, ошондой эле КР мыйзамдарында каралган экономикалык жана башка иштер боюнча сот бийлигинин жогорку органы. КР Ж. с-у өлкөнүн баардык төмөнкү сотторунун чечимдери даттанылуучу жогорку баскыч болуп саналат. КР Ж. с-у: а) көзөмөлгө алуу тартибинде сот иштерин жана материалдарын кайра карайт (карайт); б) сот иш-тажрыйбасын изилдейт жана жалпылайт, сот статистикасын жүргүзөт; в) КР мыйзамдарына ылайык ага берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат, КР Ж. с-унда төмөнкүдөй түзүмдөр иштейт: пленум; президиум; кылмыш-жаза иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегия; жарандык иштер боюнча соттук коллегия; административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.