From Wikipedia, the free encyclopedia
Жарым арал — кургактыктын деңизге же дарыяга кирип, үч тарабынан суу менен курчалып турган бөлүгү. Жарым арал пайда болушу боюнча материктик (башкача айтканда тектоникалык курамы боюнча материктин бир бөлүгү), өз алдынча пайда болгон (өз алдынча түзүлүп, кийин кургактык менен туташып калган жарым арал, мисалы, Индстан жарым аралы), аккумуляциялык (суу бетинин түрдүү деңгээлинде толкундун аракетинен пайда болгон жарым арал, мисалы, Каспий деңизиндеги Бозочу жарым аралы) болуп бөлүнөт. Кыргызстандагы ири жарым аралга Ысык-Көлдөгү Тасма, Чолпон-Ата, Кара-Булуң жарым аралдары кирет.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.