![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/41/Dar_es_Salaam_before_dusk.jpg/640px-Dar_es_Salaam_before_dusk.jpg&w=640&q=50)
Дар-эс-Салам
From Wikipedia, the free encyclopedia
Дар-эс-салам – Танзаниядагы шаар. Инди океанынын жээгинде. Калкы 2,9 млндон ашык (2007). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн негизги деңиз порту. Тамак-аш – татымал, текстиль, нефть ажыратуу, фармацевтика, кеме куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, колледж (медициналык, техникалык, коммерциялык), улуттук жана тарых-этнография музейи, сүрөт галереясы, театр бар. Ботаникалык бак уюшулган. Замбияга транзиттик нефть кууру кетет. 1862-ж. Занзибар султаны тарабынан негизделген. 1891-жылдан Германиялык Чыгыш Африканын администрация борбору. 1961–64-ж. көз карандысыз Танганьика мамлекетинин, 1964–93-ж. Танзаниянын борбору болгон.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/41/Dar_es_Salaam_before_dusk.jpg/640px-Dar_es_Salaam_before_dusk.jpg)
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/6/69/Panorama_of_some_streets_in_Dar_es_Salaam.jpg/640px-Panorama_of_some_streets_in_Dar_es_Salaam.jpg)