From Wikipedia, the free encyclopedia
Гудзон булуңу — Түндүк Муз океандын кургактыкка (Канаданын аймагына) терең кирип турган деңизи.
Чыгышында Гудзон кысыгы аркылуу Атлантика океаны менен, тундүгүндө Канада кысыктары аркылуу Түндүк Муз океаны менен байланышат.
Аянты 819 миң км2. Орт. тереңд. 112 м, эң терең жери 301 м. Суунун орт. көлөмү 92 миң км3. Климаты арктикалык. Суунун температурасы кышында 0°С ден төмөн, жайында 3°—9°С. Тузд. 23— 30,5 %о. Октябрдан августка чейин муз каптан жатат.
Суунун төмөнкү катмарында температура —1,8°С ден — 2,2°Сге чейин, тузд. 32,5—33,3 % о. Треска, сельд, камбала балыктары кармалат, тюленге анчылык кылынат.
Башкы порттору: Черчилл, Порт-Нельсон.
1610-ж. булуңга саякат жасаган англ. Гудзондун ысымы менен аталган
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.