Галактика
From Wikipedia, the free encyclopedia
Галактика — жылдыздар жымындаган булутсуз карангы түндө бүткүл асманды курчап тургансыган тилкени көрүүгө болот. Аны кыргыздар илгертен эле "Саманчынын жолу" деп атаган. Азыр аны телескоп менен караганда "Саманчынын жолу" күңүрт жарык чыгарган көп сандаган жылдызчалардан туруп, куралсыз көзгө алар туташ жарыктай көрүнөт.