Вьентьян (лаос. ວຽງຈັນ/ວຽງຈັນທນ໌ — Виангтян) — Лаостун борбор шаары жана өлкөдөгү эң чоң шаар. Меконг дарыясындагы порт. Өзүнчө административдик бирдик. Калкы 797 130 миң (2012); калкынын саны боюнча Индикытайдагы эң ири өлкө.
Отурукташкан жай
Вьентьян
|
Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн ири финансы жана соода-өнөр-жай борбору. Кустардык өнөр-жайы басымдуу; күрүч актоочу, жибек токуу, кебез-кездеме, булгаары, мебель өнөр-жай өндүрүшү иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Университет (1958), элдик улуттук музыка жана бий мектеби (1992), улуттук китепканасы (1957), музейлер бар. 13-кылымда негизделген. 16-18-кылымдын башында Лансанг Лаос мамлекетинин (үзгүлтүк менен), 1899-жылдан Франция Лаосунун, 194675-ж. Лаос королдугунун, 1975-жылдын декабрынан Лаостун борбору.
Архитехтура эстеликтерине: Фра-Кео (1565), ват Сисакет (1820) храмдары, Тхат Луанг ыйык чиркөө комплекси (1586), королдор сарайы ж. б. кирет.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.