Витаминдер
From Wikipedia, the free encyclopedia
Витаминдер — организмдеги нормалдуу зат алмашууда жана тиричилик аракетинде мааниси чоң биологиялык активдүү бирикмелер. Алар тамактануунун алмаштырылгыс фактору. Витаминдин ачылышы орус окумуштуусу Н. И. Луниндин ысмы менен байланыштуу. Ал 1880-ж. тамактын составында тиричилик үчүн эң керек белгисиз фактор бар экендигин экспериментте аныктаган. Поляк окумуштуусу К. Функ 1912-ж. «витамин» терминин сунуш кылган. Буга чейин эле организмге белгилүү өлчөмдө белок, май, углевод, минерал туздар жана суу керек экендиги, ошондой эле начар тамактануудан болуучу оорулар да белгилүү болгон. Узакка созулган экспедициянын саякатчылары жашылча-жемиш жебегендиктен цинга оорусу менен оорушкан.
Витаминдердин көбү — ферменттердин составдык бөлүгү, алар зат алмашууну жөнгө салат. витаминдер организмде болуучу химиялык реакцияларды тездетет, ошондой эле ферменттердин пайда болушуна жана анын функциясына катышат. Организмдин азык заттарды өздөштүрүүсүнө таасир этип, клетканын нормалдуу өсүшүнө жана бүтүндөй организмдин өөрчүшүнө түрткү берет. Киши түрдүүлөп жетиштүү тамактанганда витаминди тамак-аш менен кабыл алат. Алардын кээ бири ичегиде микроорганизмдердин тиричилигинин натыйжасында синтезделет, бирок бул организмдин витаминге муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Кээ бир учурда организмге тамак продуктулары менен бирге түзүлүшү витаминдерге жакын бирикмелер (провитаминдер) кирет; алар организмде витаминдерге айланат. Кээ бир продуктуларда бир же бир нече витаминдер жок болот, ошондуктан бир өңчөй жана витамини аз тамак-аш менен тамактануу, ошондой эле организм витаминди өздөштүрө албай калганда витамин жетишсиздиги (гиповитаминоз, авитаминоз) пайда болот. Витаминди ашкере кабыл алуу гипервитаминоз оорусуна алып келет.
Организмдин витаминди кабыл алуусу анын физиологиялык абалына жараша болушу керек. Витамин организмдин өсүү мезгилинде, кош бойлуу жана эмчек эмизген убакта, ооруп жатканда жана оорудан кийин, кара жумуш же акыл эмгеги менен көп иштегенде, мисалы, спорттук көнүгүүлөрдү жасаганда, нерв-эмоциялык чоң күч талап кылган иште, ошондой эле көп убакыт суукта болгондо чоң өлчөмдө талап кылынат (к. Тамактануу). Улгайган кезде витаминди өздөштүрүү начарлайт. Түрдүү тамак-аштагы витаминдин бардыгы эле туруктуу эмес жана алар сырткы факторлордун таасиринен анча-мынча бузулушу мүмкүн. Консерваланган азыктарга караганда жаңы даярдалган тамактар витаминдерге бай; продуктуларды узакка сактоо, аларды кургатуу, ошондой эле бышыруу витаминдин бузулушуна алып келет. Ошондуктан витаминди сактап калуу үчүн түрдүү тамак-аш азыктарын сактоо жана аны даярдоо эрежелерин билүү зарыл.
Витамндин көпчүлүгү латын алфавитинин тамгалары менен белгиленет (мисалы, А, В, С жана башка), мындан тышкары алардын химиялык структурасын көрсөтүүчү атайын аттары бар. Дарылоо максатында Витаминди колдонуу витамин менен дарылоо деп аталат. Сууда эрүүчү витаминдер.