Будапешт

From Wikipedia, the free encyclopedia

Будапештmap

БудапештВенгрия Республиканын борбору. Пешт медьесинин администрациялык борбору. Дунай дарыянын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Өзүнчө администрациялык-аймактык бирдик. Калкы 1,7 млн (2012). Ири жолдор тоому.

Ыкчам фактылар
Отурукташкан жай
Будапешт
Thumb
Желек Герб
Thumb Thumb
ӨлкөВенгрия
Координаттар47°31′ с. ш. 19°05′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Мурунку аталышыБуда, Пешт жана Обуда
Аянты525,14 км²
Борборунун бийиктиги102 м
Убакыт аралыгыUTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Калкы1 744 665 адам (2014)
Жыштыгы3305,23 адам/км²
Улуттук курамывенгрлер — 91,2 %

немистер — 1 %
цыгандыр — 0,8 %
словактар — 0,3 %
башкалар — 6,7 %

Этнохоронимбудапешттик, будапешттиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+36 1
Почта индекстери1011-1239
Расмий сайтыhttp://www.budapest.hu/
Жабуу

Тарых

1148-жылдан белгилүү болуп, ал тарыхый 3 бөлүктөн (Пешт, Буда, Обуда) турат. 1872-ж. алар Будапешт болуп бир шаарга бириктирилген. 1241-ж. Буда, Обуда, Пешт моңгол баскынчылары тарабынан талкаланган. 1242-жылдан Буда венгр королдорунун туруктуу резиденциясы, 1350-жылдан Венгр королдугунун борбору. Буда, Обуда жана Пешт 1541–1686-ж. Осмон империясынын, 18-кылымдын башында Габсбургдардын бийлиги астында болгон. 1867-жылдан Венгрия королдугунун, 1918-ж. көз каранды эмес Венгр мамлекетинин борборуна айланган. 1944-ж. мартта немец аскерлери тарабынан оккупацияланып, 1945-ж. февралда советтик аскерлер бошоткон. 1918-жылдан Венгрия Республикасынын борбору. Өлкөнүн башкы саясий, илимий, экономикалык жана маданий борбору. Эл аралык аэропорту бар. Будапештте Венгриянын өнөр жайынын 30%и жайгашкан. Машина куруу (прибор, трактор кураштыруу, транспорттук, электр-техникалык), текстиль жана химиялык өнөр жайы өнүккөн. Тамак-аш, фармацевтика, резина, кийим тигүү, полиграфия ишканалары иштейт. Венгрия ИА, университет, Ф. Лист атындагы музыкалык академия, Улуттук галерея, Сүрөт искусство музейи, Улуттук искусство, этнографиялык жана тарых, Чыгыш-Азия музейлери, театрлар бар. Будапештин негизги бөлүгү тоолуу Буда (оң жээк) жана түзөңдүү Пештте (сол жээк) жайгашкан. Буда Будапештин тарыхый очогу, анда 13–19-кылымдын архитектура эстеликтери басымдуу келип, алар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаарды бошоткон Советтик жоокерлерге Боштондук эстелиги тургузулган (1947). Пештте соңку жана азыркы курулмалар бар. Негизги өнөр жайлуу райондору Дунайга жанаша жайгашкан (Чепель, Уйиешт жана башка). Метрополитен иштейт.

Колдонулган адабияттар

Wikiwand in your browser!

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.

Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.