БрноЧехиядагы шаар, өлкөнүн маанилүү экономикалык жана маданий борбору. Түштүк Морава облнун администрациялык борбору. Свитава жана Свратка дарыясынын кошулган жеринде жайгашкан. Калкы 365,8 миң (2006), калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар (Прагадан кийин). Европадагы үч транспорт коридорунун кесилишкен жериндеги жолдор тоому. Брного жакын «Достук» нефть куурунун бир тармагы өтөт. Темир жана автомобиль жолдор тоому. Машина куруу (түтүк, трактор жана станок куруу, химиялык өнөр жайына жабдуу жана башкалар), жүн, тамак-аш, эмерек, полиграфиялык өнөр жайы бар. Жыл сайын эл аралык өнөр жай (негизинен машина) ярмаркасы өткөрүлөт. Чех Илимдер академиясынын филиалы, музыкалык искусство академиясы, Морава музейи, университет бар.

Thumb
Брно.

Сепил катары 11-кылымда пайда болгон. 11-кылымдын аягынан Пржемыслович уделдүү княздыгынын администрациялык борбору; 12-кылымдын аягынан Морава маркграфынын резиденциясы; 1243-жылдан королдук эркин шаар. 1526–1918-ж. Габсбургдардын бийлиги астында болгон. 13–18-кылымдагы архитектура эстеликтери (13-кылым. Шпильберк дөңсөөсүндөгү сепил), готика стилиндеги чиркөө (Ыйык Пётр, Ыйык Якуб), Эски (14–16-кылым) жана Жаңы (16–18-кылым) ратуша сакталган. Эл аралык өнөр жай ярмакалары өткөрүлүүчү павильон комплекстери (1927–28), М. Махованын үйү (1930), Морава банкы (1930–31), почтамп (1038), Тугендхайт вилласы (1930–31; Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген) бар.

Колдонулган адабияттар

Wikiwand in your browser!

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.

Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.