![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/9/91/Bonn4.jpg/640px-Bonn4.jpg&w=640&q=50)
Бонн
From Wikipedia, the free encyclopedia
Бонн — Германиянын батышындагы шаар. Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде жайгашкан. Германия бундестагынын жана өкмөтүнүн (2000-ж. чейин) турган жери. Рейн дарыясындагы порт. Калкы 315,1 миң (2006). Эл аралык аэропорт. Керек-жарак товарлар чыгаруучу өнөржай тармактары басымдуу. Машина куруу (анын ичинде электр-техника), фармацевтика, полиграфия, тамак-аш, эмерек өнөржайы иштейт. Метрополитен, университет, Людвиг ван Бетховендин музей-үйү жана концерттик залы бар.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/9/91/Bonn4.jpg/640px-Bonn4.jpg)
1-кылымдан белгилүү. 1273-1794-ж. Кёльн курфюрсттеринин резиденциясы. 1949-90-ж. Германия Федерация Республикасынын борбору болгон. Роман стилиндеги собор (11-13-кылым) сакталган.