Биосфера
From Wikipedia, the free encyclopedia
Биосфера (б.-грек. βιος — тиричилик жана σφαῖρα — сфера, шар) же биочөйрө ― атмосфера, гидросфера жана литосферанын активдүү тиричилик өтүүчү бөлүгү. Биосферада тирүү организмдер менен алардын жашоо чөйрөсү органикалык байланышта болуп, бүтүндөй системаны түзөт. «Биосфера» терминин австралиялык геолог Э. Зюсс киргизген. Биосфера жөнүндөгү толук түшүнүктү орус геохимиги В. И. Вернадский иштеп чыккан. Ал боюнча Жер планетасындагы тирүү организмдердин тиричилик аракетинин натыйжасында пайда болгон жана өзүн-өзү теңсалмактуулукта сактап туруучу мейкиндик системасы, башкача айтканда жандуу жана жансыз заттардын бири-бири менен болгон аракеттеринин натыйжасында пайда болгон биостук система.
Биосфера – глобалдык экосистема.
Жер планетасынын эң ири экосистемасы биосфера – жандуу организмдер жайгашкан катмар. Грек тилинен «βιος» —жашоо жана «σφαῖρα» — тоголок. Биосфераны окуу катары В.Вернадский өөрчүткөн. Биосферага эң аз 3,5 миллиард жыл болду.