From Wikipedia, the free encyclopedia
Куйруксуз жерде сууда жашоочулар (лат. Ecaudata или Anura) - азыркы кездеги жерде сууда жашоочулар классы, буларды уч түркүмгө куйруксуздар, куйруктуулар жана бутсуздар бөлүшөт. Азыркы убакта бул түркүмдүн 2000 ашык түрү бар, алар 256 тукумга, 16 урууга бөлүнөт. Куйруксуздар түркүмүнө кирүүчүлөр тулку бою кыска, моюну бөлүнбөгөн, чоңдорунун куйругу жок. Уруктануусу денеден тышкары сууда жүрөт. Сууга ташталган жумурткалары тоголок былжырак болушуп бири бири менен тыгыз байланышкан. Мисалы, көл баканыкы , ал эми кур баканын жумурткалары сууга тасма түрүндө созулуп ташталат. Жумурткаларынан куйруктуу көнөкбаштар өсүп чыгат. Аларда белгилүү бир убакыттын ичинде метаморфоз кубулушу жүрүп, буттары пайда болуп, куйруктары өспөй жок болушат. Бул абалда алар суудан сыртка чыгып, кайра сууга кирүүгө жөндөмдүү болот. Куйруксуздар пайдалуу жаныбарлар. Кыргызстанда бул түркүмдүн 4 түрү жашайт: көл бакасы, борбордук азия бакасы, курбака жана данатин курбакасы.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.