Бангладеш
From Wikipedia, the free encyclopedia
Бангладеш (бенг. বাংলাদেশ), расмий аты — Бангладеш Эл Республикасы (бенг. গণপ্রজাতন্ত্রী বাংলাদেশ) — түштүк Азиядагы мамлекет. Батышынан, чыгышынан жана түндүгүнөн Индия, түштүк-чыгышынан Мьянма менен чектешет. Түштүгүн Инди океанынын Бенгал булуңу чулгап жатат. Аянты 142,7 миң км2 (ички акваторияларын кошкондо 144 миң км2дей). Калкы 134,8 млн (2005; айрым маалыматтарда 144,3 млн). Борбору Дакка шаары Расмий тили бенгал тили. Акча бирдиги така. Администрациялык-аймак жактан 6 облуска (64 округ кирет) бөлүнөт.
Бангладеш Эл Республикасы | |||||
| |||||
Гимн: «Амар шонар Бангла» | |||||
Бангладеш дүйнөлүк картасында | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 26-март 1971-ж.
( Пакистандан) | ||||
Расмий тили | бенгалча | ||||
Борбор шаары | Дакка | ||||
Ири шаарлар | Дакка, Читтагонг | ||||
Башкаруу формасы | парламенттик республика | ||||
Президент | Абдул Хамид | ||||
Мам. дини | ислам (сүннөттөр) | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 95 - дүйнөдө 148 460 км² 12,3 | ||||
Калкы • Бааланган (2022) • Жыштыгы | 169 828 911 адам (8) 1106 ад./км² | ||||
ISO коду | BD | ||||
ЭОК коду | BAN |
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005):
Облус | Аянты миң км2 | Калкы, миң | Адм.-айм.борбору |
---|---|---|---|
Барисал | 11,9 | 8690,7 | Барисал |
Читтагонг | 31,8 | 26186,4 | Читтагонг |
Дакка | 30,5 | 42887,4 | Дакка |
Кхулна | 21,7 | 15755,5 | Кхулна |
Ражшахи | 34,5 | 32636,4 | Ражшахи |
Силхет | 12,3 | 8635,8 | Силхет |
Бангладеш БУУнун (1974), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн региондук кызматташуу ассоциациясынын (СААРК; 1985-ж. Бангладештин демилгеси менен уюшулган), Ислам конференциясы (1974), Бүткүл дүйнөлүк соода (1995) уюмдарынын, Эл аралык валюта фондунун (1972) мүчөсү.