From Wikipedia, the free encyclopedia
Калып:Археологиялык маданият
Афанасьев маданияты - биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын башында Түштүк Сибирдин Минусин ойдуңунда, жогорку Енисейде жана Алтайда таралган археологиялык маданият. Енисей дарыясынын жээгиндеги Афанасий тоосунун жанындагы биринчи изилденген көрүстөндөн улам аталган (1920). Көрүстөндөрдүн тегереги бир катар тизилген таш менен курчалган. Сөөк бүрүшгүрүлүп коюлуп, анын жанынан карагайдын бүчүрүнө окшош оймо-чиймеси бар, жумуртка формасындагы кырдуу карапа идиштер да табылган. Түбү жумуру идиштер акырындап, түбү жалпак идиштер менен алмашылганы байкалат. Социалдык түзүлүшү боюнча аталык доорго туура келет. Оттук таштан жасалган жебелердин учтары, таш токмоктор кезигет. Көрүстөндөрдөн Амударыясынан кезигүүчү мончокко окшогон үлүлдөрдүн кабыгы да табылган. Бул сибирдик энеолит адамдарынын орто азиялыктар менен болгон байланышын күбөлөндүрөт. Үй жаныбарларынын сөөктөрү жапайы айбандардын сөөктөрүнө караганда көптүк кылат. Чарбасы негизинен малчылык болуп, уй, кой жана жылкы өстүрүшкөн. Төбөсү устун менен жабылган, жер үйлөрдөн турган турак жайлары болгон. Бычактар, шакектер, ийнелер, балталар, эгин оруучу ороктор жана жез канжарлар табылган. Жез буюмдарынын бардыгы металлды муздак согуу жолу менен жасалган. Ушул өңдүү табылгалар кийин Синьцзяндан да табылган.
Калып:Евразиядагы коло доору
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.