From Wikipedia, the free encyclopedia
Археологиялык маданият - бир тарыхый мезгилге таандык, жергиликтүү өзгөчөлүктөрү бар жана айрым бир аймакта топтолгон археологиялык эстеликтердин жалпылыгын аныктоо үчүн колдонулуучу түшүнүк. Археологиялык маданияттын аталышы көбүнчө эстеликтер табылган жердин аты, ошондой эле сөөк коюунун салты, карапага, курал-жарактарга түшүрүлгөн оймо-чиймелер же белгилердин бүтүндөй тобуна карата коюлат. Археологиялык маданиятты изилдөө аларды жазуу булактары аркылуу белгилүү уруулар менен салыштырууга мүмкүндүк берет. Маданияттагы окшош көрүнүштөр айрым урууларда геогрекчежана социалдык бирдей шарттарда бири бирине байланышсыз эле пайда болушу мүмкүн. Археологиялык маданият - байыркы эстеликтердин датасын аныктоого жардам берет.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.