From Wikipedia, the free encyclopedia
Археологиялык казуулар - адамзат коомунун чарбасын, маданиятын, үрп-адатын тарыхый изилдөө максатында тургун жайларды, көрүстөндөрдү, шаар урандыларын, адамдар жашаган жердин байыркы маданий катмарларын иликтөө боюнча жүргүзүлгөн иштер. Археологиялык казууларды атайын археологиялык мекемелер (илимий-изилдөө институттары, университеттердин археологиялык кафедралары, музейлер жана башка) жүргүзөт. Археологиялык казуулар жана изилдөөлөр КРнын УИАнын тарых институту тарабынан берилүүчү «Ачык барак» («Открытый лист») деген документтин негизинде ишке ашырылат. Археологиялык казуулар кеңири аянтта жүргүзүлүп, ар бир чарчы метр жер өтө кылдаттык менен казылат. Археологиялык казуулар мезгилинде табылган буюмдарды так жана туура каттоо (жазуу, сүрөткө тартуу, сызуу жана башка) талап кылынат. Негизинен маданий катмар, курулмалар, адамдардын жана жаныбарлардын сөөктөрү, өсүмдүктөрдүн жана дандын калдыктары изилденет. Кыргызстанда археологиялык казуулар иштери 19-кылымдын аягында башталган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.