Арап жылкысы — биздин замандын I миңинчи жылдарында Арап өлкөлөрүндө элдик селекция жолу менен чыгарылган миңгич жылкы. Анча чоң эмес, сымбаттуу. Ыйык жалынын бийиктиги 150—152 см, дене узундугу 149—150 см, көкүрөк курчамы 177 см, шыйрагынын жоондугу 18—19 см. Өңү аккула, боз. Орто кылымда Европага кеңири тарап, жергиликтүү жылкыны жакшыртуу үчүн пайдаланылган. Арап жылкысы таза кандуу, ыкчам жүрүштүү миңги жылкыларды (англия таза кандуу жылкысы, орлов таскактуу, тракенен, терек) чыгарууга катышкан. Чөлдүү жерге чыдамкай келет. Алыска чуркайт. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тараган. Кыргызстанда да бар. Жергиликтүү жылкы породаларын жакшыртуу максатында пайдаланылат.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.