Ангрен
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ангрен - Өзбекстандагы шаар. Ташкен облусунун аймагында. Ахангаран дарыясынын жана Ташкен - Кокон автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Темиржол бекети. 1946-жылы ачылган Ангрен көмүр бассейнинин негизинде отурукташкан кыштактардын биригишинен пайда болгон. Калкы 162,0 миң (2003). Күрөң көмүр казып алуунун борбору. Көмүр-каолин комплекси, химия-металлургия, азот жер семирткичтери, резина техникалык буюмдарын өндүрүүчү заводдору, курулуш материалдар өнөр жай өндүрүшү, 2 ГРЭС, педагогикалык институт, тарых-крайтаануу музейи бар. Шаарга жакын алтын кенин казып алуучу рудник иштейт.