From Wikipedia, the free encyclopedia
Алюмосиликаттар – курамында А1 жана Si комплекстик аниондорун кармаган табийгый жана синтетикалык топтор. Комплекстик аниондун типтүү мисалдары- [A1SiO</nowiki>4]-, [A1Si2O6]-, [A1Si4 O10]-, [A12Si3О10]2-. Силикаттарда Si атомдору бир аз бөлүгү A1 атомдору менен орун алмашуусунун натыйжасында алардын түрдүү валенттүлүгүнүн негизинде ашыкча терс заряд пайда болуп, А. кристаллдык торчолоруна Na+, К+, Мg+2 же Са+2, Ва+;Li+ киргизилиши менен компенсацияланат. А. жаратылышта кеңири таралып, жер кыртышынын 50 % чейинки массасын түзөт. Аларга төмөнкүлөр кирет: талаа шпаттары, мис. ортоклаз К[A1Si3О8], альбит Na[A1Si3О8], анортит Са[A12Si2О8]; чопо минералдары; слюдалар, мис., мусковит КАl2[A1Si3О10] (ОН)2; нефелин Na[A1SiO4] жана башка Кристаллдашкан суу жана ОН группасын кармабаган жаратылыштагы А. отко чыдамдуу, кыйындык менен эрүүчү заттар.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.