From Wikipedia, the free encyclopedia
Албандар - (өздөрүн шкиптар, шчиптар деп аташат) - Албаниянын негизги калкы. Италия, Греция, Сербия (Косово), Түндүк Македония, Черногория, Түркия, Германия, Швейцария, Нидерланддар, АКШ, Украина өлкөлөрүндө жашашат. Жалпы саны 5 млн киши, 3250 миңи Албанияда. Албан тилинде сүйлөшөт. Балкан жарым аралында жашаган байыркы элдерден. Кээ бир окумуштуулар албандардын этностук негизин иллириялыктар дешсе, айрымдары фракиялыктар деп эсептешкен. Римдин Иллирияны каратып алышы (б. з. ч. 2-к., б. з. 4-к.), Византия империясынын, славян мамлекеттеринин үстөмдүгү албандардын тилине ж-а маданиятына таасирин тийгизген. 15-кылымдын аягынан 1912-жылга чейинки Осмон империясынын бийлиги албандарда эмиграцияны күчөтүп, анын тарыхый өнүгүшүнө тоскоол кылган. Түрктөрдүн кысымы м-н ислам динине өтүшкөн (17-18-к.). 1912-ж. түрктөргө каршы улуттук-боштондук күрөшүнүн натыйжасында Албания көз каранды эмес мамлекет катары жарыяланган. Кийинки 193944-ж. италиялык ж-а германиялык баскынчыларга каршы күрөш да албандардын улут катары биригүү процессин күчөтүп, аларда улуттук аң-сезимдин өсүшүнө чоң таасир тийгизген. Албандар негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык м-н кесип кылышып, таш м-н салынган эки кабаттуу үйлөрдө жашашат. Эркектер улуттук кийим катары «фустанелла» (18-к), «тирчи» (19-к.) деп аталган көйнөк, жилет, жүндөн же тыбыттан жасалган баш кийим, аялдары саймаланган алжапкыч кийишип, күмүштөн жасалган кооздуктарды тагынышкан. Тамакашы негизинен жүгөрү ж-а буудай наны, эт, сүт азыктары.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.