Акшак
From Wikipedia, the free encyclopedia
Акшак – дан өсүмдүктөрүнөн даярдалган азык. Акшак, таруу, күрүч, жүгөрү, арпа, сулуу, буудай жана буурчактан жасалат. Акшак алыш үчүн адегенде данды тазалайт, кургатат. Сокуга салып, кабыгынан ажыратып, элек аркылуу эленет. Электен өтпөгөн майдаланган дан акшак деп аталат. Акшактан ботко, атала тамактары жасалган.