From Wikipedia, the free encyclopedia
Амир Темир, Тимур, Темир Көрөгөн, Тамерлан (ир. تیمور لنگ), Аксак Темир Көрөгөн [11.3.1336, Кеш (азыркы Шахрисябз) шаары (башка маалыматта Кешке жакын Кожо-Илгар айылы) – 18.2.1405, Отрар] – орто азиялык белгилүү мамлекеттик ишмер жана аскер башчысы, эмир. Теги түрктөшүп кеткен моңголдордун барлас уругунан; 1370–1405-ж. өзү негиздеген мамлекеттин эмири. Шахрисабз шаарына жакын Кожоилгар кыштагында туулган. 1369–1389-ж. Мавераннахрдан Моголстанга (Теңир-Тоого) жортуул жасаган. Ооганстандын бир бөлүгүн басып алган. 1391 жана 1395-ж. Алтын Ордонун ханы Токтомушту талкалаган. 1393-ж. Багдадды жана Экидарыя аралыгын (Месопотамияны), 1398–99-ж. Индиянын түндүк бөлүгүн, 1401-ж. Сириянын да бир кыйла бөлүгүн ээлеген. Байтактысы Самаркан шаарында болгон. Кытайга жортуулга баратып, 1405-ж. 18-февралда Отрар шаарында каза болгон.
1360-ж. Мавераннахрды Тоглук Тимур караткандан кийин, 1361-жылдан ага кызмат кылып, Кашка-Дарыя вилайетин башкарган. Көп өтпөй Самарканддын эмири Хусейн менен союз түзүп, Тоглук Тимур жана анын уулу Суйунбек Кожого каршы Моголстанда узак убакыт бою күрөш жүргүзгөн. 1366-ж. Хусейн менен бирге Самарканддагы көтөрүлүштү басышкан, бирок 1370-ж. кайра өзүн туткунга түшүрүп, башын алдырган. Ошол эле жылы эмир титулун алган жана аялы Чыңгызхандын тукумунан болгондуктан, Мавераннахрга «Көрөгөн» (моңгол тилинде «күрүгэн» же «хүргэн» – «күйөө бала», б. а. «хандын күйөө баласы») деген ат менен бийлик жүргүзгөн. Сейстандагы (Иран) салгылашууда он бутунан жарат алгандан кийин «Аксак Тимур» аталган. 1371-, 1375-, 1377–79-жылдары моголдордун эмири Камар ад-Динге каршы бир нече жолу жүрүшкө чыгып, Ысык-Көл, Иле өзөнүнө чейин жеткен. 1388-ж. Хорезм аймагын толук каратып, борбору Үргөнчтү талкалаган. 1380–90-жылдары Иран, Кавказга жүрүш жасап, бүлгүнгө учураткан. Токтомуш ханга каршы үч жолу (1389-, 1391-, 1394–95) аттанып, Алтын Ордону талап-тоногон жана анын борбору Сарай-Беркени кыйраткан. 1398-ж. Индияга жүрүш жасап, Дели шаарын басып алган. 1402-ж. Анкаранын алдынан түрктөр менен салгылашууда түрк султаны Баязед Iни туткундаган. Бул учурда Мавераннахр, Хорезм, Хорасан, Түштүк Кавказ, Иран жана Пенжабды кучагына алган ири мамлекет түзүлгөн.Кытайга жүрүшкө чыгууга камылга көрүп жатканда каза болуп, сөөгү Самаркандга коюлган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.