Акробатика
From Wikipedia, the free encyclopedia
Акробатика (грек тилинен akrobates – бутумдун башы менен басам, бийикке чыгам, ал «буттун учу менен басам», «жогору чыгам» дегенди билдирет) – 1) гимнастика тибиндеги спорттук машыгуулар; 2) машыгуулардын көп сандаган топторун (акробатикалык секирүүлөрдү, аял - эркектин же эки эркектин, эркек тобунун машыгууларын, эркек менен аялдын батутта секирүүлөрүн) бириктирип турган спорттун бир түрү; 3) цирк өнөрүнүн жанры.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/ky/4/4f/Acrobat.jpg)
А. өнөрү Байыркы Египетте, Грецияда, Римде, Византияда, Кытайда, жапондо белгилүү болгон. Орто кылымдарда А-нын кээ бир элементтерин дарчылар, скоморохтор (Россияда), мимдер (Италияда), жонглёрлор (Францияда) аткарышчу, 18-кылымдын аягынан тартып, А. цирктерде кенен тарала баштайт. А-нын айрым элементтери бүгүнкү күндөгү цирктин бардык жанрларында, хореография өнөрү менен театр оюндарында да кеңири колдонулат.