Камю, Альбер (фр. albert Camus 7. 11. 1913, Алжир, Мондови айылы — 4. 1. 1960, Франция, Вильвблевен айылы) — фр. жазуучу жана философ-экзистенциалист. Нобель сыйлыктын лауреаты (1957). Каршылык көрсөтүү кыймылынын катышуучусу. «Бөтөн адам» (1944) повестинде жашоонун абсурддуулугу ж-дөгү тема козголот. «Чума» (1947) аттуу антифашисттик роман-икаясында адамдын эң жогорку эрдиги деп тиричиликтин маанисиздигине каршы күрөштү эсептеген. «Сизиф жөнүндө миф» (1942), «Жаалданган киши» (1951) филос. чыгармаларында, «Калигула» (1944) пьесасында дүйнөдөн четтеп калбоо үчүн жасалган курулай аракеттерди көргөзөт. К-нун Чыгармачылыгында гуманисттик жана индивидуалисттик карамакаршы тенденциялар камтылган.

Thumb

Байланыштуу макалалар

Колдонулган адабияттар

Wikiwand in your browser!

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.

Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.