Map Graph

Бухарест

Бухарест – Румыния Республикасынын борбор шаары. Төмөнкү Дунай ойдуңунун борбордук бөлүгүндөгү Дымбовица дарыясынын боюнда жайгашкан. Өз алдынча администрациялык бирдик. Экономикалык жана илимий-маданий борбор. Калкы 1,9млн (2006). Бухарест Дунайдын алабындагы өлкөлөрдү, Борбордук Европаны Кара деңиз, КМШ жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен байланыштыруучу Трансевропа жолунун кесилишиндеги ири жолдор тоому. Отопени Эл аралык аэропорту бар. Башкы өнөр жай тармактары: машина куруу, химиялык, текстиль, булгаары-бут кийим, тамак-аш, айнек, фарфор-фаянс, полиграфиялык, түстүү жана кара металлургия, жыгаччылык. Метрополитен, Румыния Илимдер академиясы, тармактык академиялар, университет жана башка ЖОЖдор, музей, театр, «Антенеум» бар. Азыркы аталышы менен 14-кылымдан белгилүү. Дымбовица дарыясынын сол жээгинде эски шаар, монастрь, чиркөөлөр, Республикасы ак сарай сакталган. «Скынтейя» үйү (1948–53), опера-балет театры, Чишмиджиу, Эркиндик, 23-август парктары жана эс алуу жайлары бар. Борбордук Трансильвания аймагынан куур аркылуу газ жана нефть алат. 1977-жылкы жер титирөөдөн жапа чеккен.

Read article
Файл:ROU_Bucharest_Flag.svgФайл:Stema_municipiu_bucuresti.svg