From Wikipedia, the free encyclopedia
Швеция (швед. Sverige), расмий аталышы Швеция Падышалыгы (швед. Konungariket Sverige) — Түндүк Европадагы Скандинавия жарым аралында жайгашкан мамлекет.
Швеция Падышалыгы | |||||
| |||||
Урааны: «För Sverige i tiden (Бардык убакта — Швеция үчүн!)» | |||||
Гимн: «Du gamla, Du fria (Сен байыркы, сен эркин)» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 1-июнь 1523-жыл
( Кальмаря униясынан) | ||||
Расмий тили | швед тили | ||||
Борбор шаары | Стокгольм | ||||
Ири шаарлар | Стокгольм, Гётеборг, Мальмё, Уппсала | ||||
Башкаруу формасы | конституциялык монархия | ||||
Падыша Премьер-министр Парламенттин төрагасы | Карл XVI Густав Ульф Кристерссон Андреас Норлен | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 55-орун - дүйнөдө 450 295 км² 8,97 | ||||
Калкы • Бааланган (2024) • Жыштыгы | 10 588 230 адам (87-орун) 25 ад./км² (198-орун-дүйнөдө) | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы (2024) • Ар бир жанга |
763,589 млрд $ (40-орун) 71 730 $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
609,039 млрд $ (25-орун) 57 212 $ | ||||
АДӨИ | ▲0,945 (жогору) (5-орун) | ||||
Этнохороним | швед, шведтер | ||||
Акча бирдиги | Швед кронасы (SEK) | ||||
Домени | .se | ||||
ISO коду | SE | ||||
ЭОК коду | SWE | ||||
Телефон коду | +46 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +01:00 жайында +02:00 |
Аянты 447,435 км², калкынын саны 10 588 230 адам[1]. Калкынын саны жана аянты боюнча Скандиновая жарым аралындагы ири өлкө болуп саналат. Европа мамлекеттеринин арасында аймагы боюнча 5-орунда турат. Балтика деңизинин суулары менен чулганат. Норвегия жана Финляндия менен кургактыктагы чек арасы бар.
Борбору — Стокгольм шаары. Мамлекеттик тили — швед тили, өлкөнүн түндүгүндөгү тургундарынын арасында түндүк сами тили да кеңири колдонулат.
Швеция 2020-жылы илимий-изилдөө жана үлгүлүү конструкторлук тажрыйбаларды жасоо иштерине сарптаган каражаттары боюнча алдыңкы жыйырма өлкөнүн катарына кирген[2]. 2024-жылы глобалдык инновациялык индекстин рейтингинде 2-орунда турган.
Швеция — 1946-жылдан тартып БУУга[3], 1949-жылдан тартып Европа Кеңешине, 1952-жылдан тартып Түндүк Кеңешине, 1946-жылдан тартып ЕККУга, 1995-жылдан тартып БСУга[4], 1995-жылдан тартып Европа Бирлигине, 2024-жылдан тартып НАТОго мүчө мамлекет[5].
Швециянын аталышы швед тилинде Sverige деп айтылат. Бул сөз байыркы скандинавия тилиндеги «svear-rige» сөзүнөн келип чыгат жана - «свейлердин (шведдердин) мамлекти» деген маанини билдирет[6].
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.