Шахрух Кхан

From Wikipedia, the free encyclopedia

Шахрух Кхан
Remove ads

Шахрух Хан (хинди शाहरुख़ ख़ान, урду شاہ رخ خان, [ʃaːɦ.ɾʊx.xaːn], англ. Shahrukh Khan; ошондой эле Шах Рукх Кхан) — Индиялык киноактёр, продюсер жана алып баруучу. Актёрдун өз аты Shah Rukh (актердун айтымында бөлөк жазылат) — персид тилинде “хандын багыты” же “хандын жүзү” (Shah — хан же ханзаада, Rukh, Rukhsar — жүз же бет. Rukhтун дагы бир мааниси — багыт, ошол багыт менен баруу деген мааниде) дегенди түшүндүрөт.

Ыкчам фактылар Туулган датасы:, Туулган жери: ...
Thumb
Remove ads

Өмүр баяны

Шах Рух Кхан 1965-жылдын 2-ноябрында Нью-Делиде туулга. Тутунган дини – ислам. Эжеси Шехназ, атасы Тадж Мухаммад Кхан, Индиядагы белгилүү адвокат (эркиндик үчүн күрөшүүчү), Нью-Делиге Пешаварадан Индия болуп бөлүнө электе көчүп келишкен. Апасы Фатима өзү Равалпиндиден болот, азыркы Пакистан. Шах Рух Хан Нью-Делидеги мектептердин биринен бүтүргөн. 1988 жылы Дели университетинин колледжинде экономика адистигинде окуган. Андан соң университеттин магистратурасында “Массалык коммуникация” адистигин бүтүргөн. Бирок актёрлук кесипти жактаган. Ата-энесинин өлүмүнөн кийин, 1991-жылы, Мумбайга көчүп келген. Ошол эле жылы 25-октябрда Шах Рукх индус кызы Гаури Чибберге үйлөнөт. Хандын өзүнүн айтымында мусулман боло туруп, жубайынын туткан динин сыйлайт. Экөө 1997-жылы 13- ноябрда Арьян аттуу уулдуу болушат, 2000-жылы 23- майда Суханна аттуу кыздуу болушат.

Remove ads

Чыгармачылыгы

Кхан алгачкы жолу актер катары 1988-жылы телеберүүдөн чыгат. Бир нее телесериалдарда ойногон. Болливуд жайгашкан Мумбайга көчүп келгенден кийин киного тартыла баштайт. Алгачкы ролун 1992- жылы “Акылсыз сүйүү” фильминде аткарган. Бул ролу үчүн индиялык кино тууралуу «Filmfare» журналынын мыкты дебют сыйлыгын алган.
1993- жылы “Коркунучтагы өмүр” жана “Өлүм менен ойноо” деген фильмдерде терс каармандардын ролун аткарат. Өч алуу үчүн өзүнүн дос кызын өлтүргөн каармандын ролун аткаргандыгы үчүн «Filmfare» журналынын мыкты башкы роль сыйлыгынын ээси. Экинчи сыйлыгын 1995-жылы «Уурдалбаган келин” фильминдеги ролу үчүн алган. Бул тасма кинотеатрлардан 12 миллиард рупий чогултуп, индия тасмаларынын эң кирешелүүсү аталган.
Шахрух Кхандын ийгиликтүү ролдору анын Болливуддагы эң суроо-талаптуу актер болушуна лып келет. Жада калса жылына 5-6 тасмага түшүшкө үлгүрөт. 2007- жылы “Алга, Индия” тасмасында чөп үстүндө хоккей оюну боюнча кыздар командасын даярдаган тренердин ролун мыкты жараткан. Боллувуд жылдыздарынын арасында сыйлыктары боюнча Дилип Кумар гана Шахрук Кхандан алдыда. Шахрук дүйнөдөгү белгилүү актерлордун катарында.
Анын жаңы тартылган тасмаларынын бири – “Менин атым Кхан”. Мында Шахрух Аспергер синдромунан жабыркаган мусулмандын ролун жараткан. 2001- жылдын 11-сентябрында АКШда болуп өткөн террористтик кол салуудан кийинки окуялар чагылдырылат.

Remove ads

Тасмаграфия

Толук маалымат Жыл, Кыргызча аталышы ...
Remove ads

Шилтемелер

Loading related searches...

Wikiwand - on

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Remove ads