Кино актёр жана сүрөтчү From Wikipedia, the free encyclopedia
Сүймөнкул Чокморов (09.11.1939, СССР, Кыргыз ССР, Чоң-Таш айылы — 29.9.1992, Кыргызстан, Бишкек) — советтик кыргыз кино актёру жана сүрөтчүсү. Ал жыйырманчы кылымдын экинчи жарымындагы кыргыздын залкар инсаны, даңазалуу сүрөтчү жана кино актёр катары маалым.
Сүймөнкул Чокморов
| ||||
Туулган датасы: |
9 -ноябрь 1939 | |||
---|---|---|---|---|
Туулган жери: |
Чоң-Таш айылы, Ворошилов району, | |||
Өлгөн датасы: |
29 -сентябрь 1992 (52 жаш) | |||
Өлгөн жери: | ||||
Жарандыгы: | ||||
Кесиби: | ||||
Карьерасы: |
1969 — ?1989 | |||
Багыты: | ||||
Сыйлыктары: |
| |||
IMDb: |
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган.Үй-бүлөдө 7 бир тууган болгон, ал, үч байкеси жана үч эжеси. Кичинекей чагында катуу ооруган. Ошол үчүн спорт менен машыга баштаган.Кыргызстан жана Ленинград тандалма волейбол тайпасында ойногон. Ошол эле учурда живопиське кызыгып кеттип. Мектептен кийин Ленинград Көркөм Академиясына тапшырган, 1964-жылы бүтүргөн. Окууну бүтүргөндөн кийин Фрунзе Көркөм окуу жайында сабак берген. 1967-жылы КСРСнун Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү болуп калган. Киного 1969-жылы келген. Биринчи ролу "Караш ашуудагы атыш"("Выстрел на перевале Караш") тасмасында башкы каармандын ролун аткарган. Актёр тарыхый тасмаларда ("Жетинчи ок"("Седьмая пуля"), "Дерсу Узала") жана бүгүнкү күндөгү маселени көтөргөн тасмаларда ("Кызыл Алма") роль аткарган. Көбүнчө кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган көркөм-тасмаларда роль аткарган. 1981-жылы Чокморов КСРСнун эл артисти наамын алган.1992-жылы Бишкек шаарында 53 жаш курагында көпкө созулган оор оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.
Анын табият тартуулаган таланты алгачкы ирет 1968-жылы режиссер Б.Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" тасмасында башкы каарман Бактыгулдун ролун аткаруусунда эле ажайып ачыкка чыккан.
Суймөнкул Чокморов буга чейин киного тартылып көрбөгөндүгүнө карабастан Бактыгулдун ролун такшалган таланттуу актерлордун деңгээлинде ойногон.
Ал түзгөн образ 1968-жылы Ташкент шаарында өткөн Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тасмаларынын фестивалында эң мыкты ойногон роль катары таанылган.
"Караш-Караш окуясы" тасмасына удаалаш Данияр ("Жамийла", 1969-жылы), Хожаев ("Атайын комиссар", 1970-жылы)Карабалта("Касиеттүү Ысык-Көл", 1971-жыл) Азат ("Улан", 1977-жыл)жана башка фильмдерге негизги ролду ойногон.
Анын экинчи белгилүү ролу өзбек киносундагы "Жетинчи ок" фильминдеги милиция отрядынын командири - Максумовдун образы болду.
Бул фильмде Максумов (Сүймөнкул Чокморов) баштан аяк басмачылар менен кармашат.
Мына ушул окуяларды тартуу учурунда актерго эчен татаалэпизоддорду (атчан жыгылуу,сууга секирүү өңдүү)дублерсуз аткарууга туура келгендиктен анын таң калаарлык чыдамкайлуулугу жана ат үстүндө эң мыкты журо билиши экранда ишенимдүү мүнөзгө ээ болуучу образды жаратканга көмөкчу болгон.
Ал эми Режиссер-коюучу Төлөмүш Океевдин "Көк-жал" фильминдеги татаалдыгы, терең психологиялуулугуменен өзгөчөлөнгөн Ахангулдун образын табиятынан таланттуу Сүймонкул Чокморов гана терең ачып берген.
Дүйнөлүк кинематографиянын эң көрүнүктүү чеберлеринин бири Япониялык режиссер Акира Куросаванын "Мосфильм" студиясында койгон "Дерсу Узала" кинокартинасындагы токой каракчылары менен күрөшүүчү отрядды баштаган чынчыл, ак пейилдүү адам - Чжан Баонун ролун ойногонго Сүймөнкулду чакырышы анын актерлук талантын баалагандыктан, ага карата болгон зор ишеним болгон.
Адам табиятын терең ачып,кулк-мүнөзүн кылдат түзгөн көп кырдуу таланттын эмгеги жогору бааланып ага эркектин мыкты ролун түзгөндүгү үчүн Алматыдагы Казакстан жана Орто Азия кинофестивалында, Тбилисидеги, Бакудагы, Еревандагы Бүткүл Союздук кинофестивалдарында 4 жолу 1-сыйлык ыйгарылган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.