From Wikipedia, the free encyclopedia
Радио толкундар – 510–5–1010 м толкун узундугундагы электр-магнит толкундары. 1888-жылы Г. Герц алгачкылардан болуп см менен ченелген электр-магниттик толкундарды тажрыйбада алган. 1895–99-жылдары A. С. Попов электрмагниттик термелүүнү биринчи жолу зымсыз аралык байланышына колдонгон. Жаратылышта жыштыктардын бардык диапазондоруна туура келген радио толкундардын булактары бар. Ар кандай ысытылган нерсе, жылдыздар, галактикалар, Күн, электр разряддары радио толкундардын булагы боло алат. Радио толкундар сөздөрдү, музыка (радио уктуруу), телеграф сигналдарын, сүрөттөлүштү (телекөрсөтүү) алыс аралыкка зымсыз берүүдө жана түрдүү объектилердин мейкиндиктеги абалын аныктоодо, заттардын түзүлүшүн, ионосфералык касиеттерин, анда жүрүп жаткан процесстерди изилдөөдө колдонулат. Космос объектилеринин радио нурлануусун окутуучу предмет радиоастрономия деп аталат. Радиометеорологиядагы процесстер кабыл алынган радио толкундардын мүнөзү боюнча изилденет.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.