Пномпень
From Wikipedia, the free encyclopedia
From Wikipedia, the free encyclopedia
Пномпень – Камбожа Королдугунун борбору. Тонлесап дарыясы менен Меконг дарыясы кошулган жерде жайгашкан. Климаты субэкватордук муссондук. Январдын орточо температурасы 23°Сден 25°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 1480 мм. Калкы 1,5 млн (2012). Темир жана автомобиль жолдору аркылуу Бангкок (Тайланд) жана Кампонгсаом порту менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. 14-кылымда негизделген. 1953-жылдан көз каранды эмес мамлекеттин борбору. Жыгаччылык, текстиль, тамак-аш, автомобиль кураштыруу, кеме ремонттоо өнөр-жай ишканалары иштейт. Университеттер (анын ичинде улуттук, будда), институттар (жогорку техникалык, экономикалык), китепканалар (анда пальманын жалбырагына жазылган байыркы кол жазмалар сакталган), музейлер, Ват Пном монастыры (1434), Пса Тмей сары базары, королдор ак сарай комплекси (19–20-кылымдар), «Күмүш пагода» ж. б. бар.
Отурукташкан жай
Пномпень
|
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.