From Wikipedia, the free encyclopedia
Перс булуңу нефть-газ бассейни, Месопотамия бассейни Сауд Арабиясы, Иран, Ирак, Кувейт, Катар, Бахрейн, Иордания, Оман, Бириккен Араб Эмирликтери, айрым бөлүктөрү Сирия, Түркияда жайгашып, түштүк-чыгышын Перс булуңунун акваториясы ээлейт. Ал дүйнөдөгү нефть жана газ эң көп топтолгон аймактардын бири. Аянты 2,93 млн км2, анын ичинде290 миң км2дейи Перс булунунун суусунун астында. Аймакта нефтинин запасы 50 млрд тдан, газдыкы 26,7 трлн ,м3ден ашат. Бассейнде нефть менен газдын 300гө жакын кени ачылып, алгачкы нефть кени (Месжеде-Солейман) 1908-жылдан, газдыкы (Парс) 1965-жылдан баштап иштетиле баштаган. Кен перм, юра, бор, палеоген жана неогендин аки таш жана кумдуктары менен байланышкан. Алардын көпчүлүгү Сауд Арабиясы, Иран, Ирак жана Кувейттин аймагында.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.