From Wikipedia, the free encyclopedia
Негрлер (французча - nègre, испанча negro, латынча neger – кара, ар. мавр) – экватор элдеринин жалпы аталышы; 1) Тропиктик жана Түштүк Африканын жергиликтүү калкы. Буларга Африкадагы көптөгөн тилдерде сүйлөгөн калктар менен уруулар: банту, тур, атлантикалыктар, нилоттор жана башка кирет. Жалпы саны 230 миллион киши (2004); 2) Америкадагы негрлер – 16–19-кылымда Африкадан алып келинген, жергиликтүү индейлер менен аралашкан португал, испан, француз, голланд тилдүү түрдүү уруулардын урпактары. Жалпы саны 110 миллион киши (2004). Негрлердин көбү Кариб деңизинин алабында жайгашкан. Гаитиде, Ямайкада, Гайанада, Суринамда эл катары калыптанган. Башка элдердеги негрлер ошол элдин негизги калктарынын курамына кирген.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.