From Wikipedia, the free encyclopedia
Найроби – Кения Республикасынын борбору, шаар. Шаар айланасы менен Найроби борбордук округун түзөт. Экваторго жакын, тайпак тоолуу платодо, деңиз деңгээлинен 1795 м бийиктикте жайгашкан Чыгыш Африкадагы эң чоң шаар. Калкы 3,1 млн IGM банкынын башкы кеңсеси. (2009). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.
Н. 1899-жылы негизделген. Ошол эле жылдан Кениядагы Британия ээлигинин административдикборбору болгон. 1964-жылдан көз каранды эмес Кениянын борбору. Улуттук университет, политехникалык коллеж, улуттук театр, драма мектеби (1968), консерватория, Агахан госпиталы (1950–70), маданий борбор (1960), Макмиллан мемориалдык китепканасы, музей (1952), Чыгыш Африканын заманбап искусство галереясы (кустардык кооз буюмдар) бар. Палеонтология залынан байыркы аска бетиндеги жазууларды көрүүгө болот. Найроби улуттук паркы (анын ичинен жыландар паркы, о. эле зебра, антилопа, кабылан, арстан, төө куш жана башка бар) уюштурулган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.