Навоий облусу (вилоя́т, өзб. Navoiy viloyati) — Өзбекистан Республикасынын административдик бирдиги.

Ыкчам фактылар Административдик борбор, Б.ири шаары ...
Навоий облусу
өзб. Navoiy viloyati)
Административдик борбор

Навои

Б.ири шаары

Зарафшан
Кармана
Кызылтепа
Нурата
Учкудук

Расмий тили

өзбек тили

Калкы

873 000

Жыштыгы

7,88 адам/км²

Аянты

110 800 км² (2- орунда)

Thumb

Убакыт аралыгы

UTC+5

Аббревиатурасы

UZ-NW

Коду ISO 3166-2

UZ-NW

Автоунаа номурунун коду

21 (эски үлгүсү 1998—2008),
85 — 89 (жаңы үлгүсү 2008)

Расмий сайты
Жабуу

1982-жылы20-апрелде Бухара менен Самарканд облусунун кошулушунан уюшулган. Облус Казакстан Республикасы, Жызак, Самарканд, Бухара Облусттук жана Каракалпакстан менен чектешет. Аянты 111,0 миң км2. Калкы 767,3 миң (2006); негизинен өзбектер (63,3%), ошондой эле орус (13,5%), казак (11,5%), татар (2,6%), украин (1,4%), каракалпак (1,4%), тажик, азербайжан, беларус жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км 2ге 7 киши. Облуста 8 административдик район, 6 шаар (Заравшан, Навои, Кызыл-Тепе, Нура-Тоо, Үч-Кудук, Кармана), 8 шаарча, 53 кыштак бар. Административдик борбору – Навои шаары. Облус Өзбекстандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Түндүк-батышын Кызыл-Кум чөлү (бийиктиги 992 мге чейин) ээлесе, чыгышында Нура-Тоо кырка тоосу созулуп, түштүгүнөн Заравшан дарыясы агат. Климаты кескин континенттик, чөлдүү. Январдын орточо температурасы –1,9...– 0,6˚С, июлдуку 27,2 –29,6˚С, чөлдө 60–70˚Сге чейин жетет. Жылдык жаан-чачыны 125– 282 мм. Башкы дарыясы – Заравшан. Куймазар суу сактагычы курулган. Ксерофиль бадалдары, эфемер, эфемероид өсүмдүктөрү басымдуу. Кен байлыктары: вольфрам, фосфорит, кварц куму, цемент, акиташ. Алтын кенинин запасы да бар. Өнөр жайынын негизги тармагы – энергетика. Ошондой эле тоо-кен (анын ичинен Навои тоо-кен металлургия комбинаты), химиялык («Навои-азот»), цемент, тамак-аш, курулуш материалы өнөр жай, Навои ГРЭСи иштейт. Өзбек-Америка «Заравшан-Ньюмонт» алтын өндүрүү биргелешкен ишканасы (тоо-кен комбинатынын таштандыларынын негизинде) курулган. Сугат дыйканчылыгы мүнөздүү. Пахта, дан өсүмдүктөрү, бакча, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Багбанчылык, жүзүмчүлүк, жибекчилик жана каракөл коюн асыроо (2005-жылы 500 миң даана тери даярдалган; Бухарадан кийинки 2-орунда) өнүккөн. Темир жолунун узундугу 390,7 км (Ташкент – Түркмөнстан, Ташкент – Үч-Кудук), автомобилдики 4,1 миң км (анын ичинен 3,0 миң кми асфальтталган). Облуста жалпы билим берүүчү 362 мектеп (анын ичинен музыкалык, спорт жана адистештирилген), (Ташкент педагогикалык жана техникалык), университеттеринин филиалдары китепканалар, 2 музей бар.

Административдик бөлүнүшү

Thumb
Навоий облусунун административдик бөлүнүшү.

Облус 8 административдик районго (туман) бөлүнөт:

  • Канимех (1) (Канимех)
  • Кызылтепа (3) (Кызылтепа)
  • Навбахор (5) (Бешрабат)
  • Кармана (2) (Кармана)
  • Нурата (6) (Нурата)
  • Тамды (7) (Тамдыбулак)
  • Учкудук (8) (Учкудук)
  • Хатырчы (4) (Янгиработ)

Облустун эң ири шаары жана административдик борбору — Навоий шаары, (128 мың киши).

Облустун курамына 6 шаар, 8 шаар тибиндеги кыштак, 53 айыл кирет.

Шаарлары

  • Зарафшан
  • Кызылтепа
  • Навои
  • Нурата
  • Учкудук
  • Янгирабат

Шаар тибиндеги кыштактары

  • Газган
  • Канимех
  • Кармана
  • Лангар
  • Маликработ
  • Мурунтау
  • Тинчлик
  • Шалкар

Колдонулган адабияттар

Булактар

Wikiwand in your browser!

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.

Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.