From Wikipedia, the free encyclopedia
Михаил Фёдорович Романов (1596—1645) — Романовдор династиясынан биринчи орус падышасы (1613 жылдын 27 мартында баштап башкарган), Жалпы мамлекеттик жыйындын чечими менен 1613 жылдын 21 Февральда башкарууга таңдалган. Боярин Фёдор Никитич Романовтун (кийинчерээк — Москва жана Бүткүл Русь патриархы Филареттин) жана боярыня Ксения Ивановна Романованын (төрөлгөндө Шестова). Рюриковичтер династиясынан акыркы орус падышасы Фёдор I Иоанновичтин эки бир тууган жээни.
Михаил I Фёдорович Романов орус. Михаил I Фёдорович Романов | |||
| |||
---|---|---|---|
21.03.1613 — 23.06.1645 | |||
Андан мурунку: | Дүрбөлөңдүү убак (Владислав IV) | ||
Андан кийинки: | Алексей Михайлович | ||
Туулган жылы: | 22.7.1596 Москва шаары | ||
Каза болгон жылы: | 23.7.1645 Москва шаары | ||
Каза болгон жери: | Москва шаары | ||
Уруусу: | Романовдор | ||
Атасы: | патриарх Филарет (Федор Никитич Романов) | ||
Апасы: | инокиня Марфа (Ксения Ивановна Шестова) | ||
Жубайы: | Евдокия Стрешнева Мария Долгорукова | ||
Балдары: | Алексей, Иоанн, Василий, Ирина, Анна, Татьяна, Пелагея, Марфа, Софья | ||
Автограф: | |||
Романовдор уруусу москва борялар үй-бүлөлөрүнүн байыркы санына кирет. Романов фамилиясынын эң биринчи белгилүү алып жүрүүчүсү 1347-жылы Улуу Владимир жана Москва князы Симеон Иванович Гордыйга кызмат өтөп жүргөн, Кобыла лакап аты менен белгилүү Андрей Иванович болгон.
Борис Годуновдун учурунда Романовдор кысымга алына баштаган. 1600 жылы болочок падышанын таякеси Александр Романовтун кол алдыңда иштеген казанчей дворянин Бертеневтин билдирүүсүнөн кийин Романовдорду издей башташат. Бертеневтин билдирүүсү боюнча, Романовдор сыйкырчылык менен падыша үй-бүлөсүнө кол салуу үчүн сыйкырдуу тамыры жемиш мөмөнү казнасында сакташарын айткан. Польша элчилигинин күндөлүгүнөн алынган маалыматка караганда, Романовдорго падышалык ок атуучу отряд курал менен кол салган. 1600 жылы 26 октябрьда агалар Романовдор камакка алынып, 1601 жылы Никита Романовичтин балдары Фёдор, Александр, Михаил, Иван жана Василийди монах кылып чачып кыркып, Сибирьге жөнөтүшөт. Балдардын көбү ошол жакта каза болуп калган.
Михаил 12 июльда - Михаил Малеин ыйык күнүндө туулуп, ошого арналып чокундурулган. Ошондой эле салт боюнча Михаил Никитич Романовтун сыйына арналып Михаил аталган.
1605 жылы Лжедмитрий I Романовдор үй-бүлөсүнүн тууган экенин далилдөө үчүн, сүргүндөн тирүү калган үй-бүлөнүн мүчөлөрүн алдыртат. Фёдор Никитич (монахчылыкта Москва Патриархы Филарет) аялы Ксения Ивановна (монахчылыкта Марфа) менен балдары , жана Иван Никитич кайтрылган.1602 жылдын күзүнөн баштап бир нече жыл Клинде (азыркы Владимир областу, Юрьев-Польский району), таякеси Иван Никитичтин ээлигинде жашаган. Шуйскийди жеңилип,Жетибоярлыктар бийликке келген учурда Москвага келет. Орус ополчандары шаарды ээлеп алганча Москвада болгон. 1612 жылы күзүндө Москваны бошоткондон кийин, Марфа Ивановна баласы Михаил менен алгач Домина айылында Романовдордун костром вотчинасында, анан Посполития-Литванын отряддарынан жашынынп Костромадагы Ипатьевск монастырында жүрүшкөн.
Орус коомунун XVI—XVII кылымдардагы тарыхы боюнча белгилүү чебер, белгилүү совет тарыхчысы, профессор А. Л. Станиславскийдин версиясы боюнча Михаилдын падышачылыкка таңдалуусунда, падышадан жана анын муундарынан кысым көргөн орустун улуу казактарынын,орус элинин ролу чоң болгон.
1613 жылы 23 мартта 16 жаштагы Михаилды падыша кылып таңдаган Жалпы мамлекеттик жыйындын атынан,Рязань археиписки Феодорит баш болгон, Троиц-Сергиев монастырынын келару Аврамий Палицын жана бояр Фёдор Иванович Шереметев менен бирге Комтромага келишет. 24 мартта Ипатьевск монастырында кабыл алынышып, Жалпы мамлекеттик жыйындын Михаил Фёдоровичти падыша кылып таңдаган чечимин угузушат.
Чечимди ууккан Инокиня Марфанын айласы кетип, баласын мындай оор жумушту тандабоосун көз жаш менен суранат. Михаил да көпкө ойлонот. Архепископ Федорит Михаил жана анын апасы менен сүйлөшкөндөн кийин, Марфа баласынын падышачылык такка отуруусуна макулдугун берет. Бир нече күндөн кийин Михаил Москвага жөнөдү. Аны апасы Федоров ыйык иконасы менен көгөчтөййт, ушул учурдан баштап икона Романовдордун үй-бүлөсүнүн ыйык буюмдарынын бири болуп калган.
Жолдо ал бардык чоң шаарларда: Костромада, Нижний Новгороддо, Владимирде, Ярославльда, Троицк монастырында, Ростовто, Суздалда токтогон. Москвага келип, Кызыл аянт аркылуу Кремльге барат. Падышаны Спаск дарбазасында башкы мамлекеттик жана чиркөө салттары менен тосуп алышат.
1613 жылы майдадум дьягы Иван чечерин Михаил Романовту падыша кылып таңдалгандыгы тууралу грамотага кол коёт.
1613 жылдын 21 июльда Москва Кремлинин Успенск жыйынында Михаилдин падышачылыкка салтанаттуу түрдө отургузулуп, жаңы башкару династиясы, Романовдор династиясы келгени жарыяланган.
Падыша Михаил Фёдорович жаш жана тажрыйбасыз болгондуктан, 1619 жылга чейин мамлекетти Марфа жана анын туугандары башкарып турушкан. Бул учур жөнүндө тарыхчы Н.И Костомаровтун айтуусу:
Близ молодого царя не было людей, отличавшихся умом и энергией: все только одна рядовая посредственность. Прежняя печальная история русского общества приносила горькие плоды. Мучительства Ивана Грозного, коварное правление Бориса, наконец, смуты и полное расстройство всех государственных связей выработали поколение жалкое, мелкое, поколение тупых и узких людей, которые мало способны были стать выше повседневных интересов. При новом шестнадцатилетнем царе не явилось ни Сильвестра, ни Адашева прежних времен. Сам Михаил был от природы доброго, но, кажется, меланхолического нрава, не одарен блестящими способностями, но не лишен ума; зато не получил никакого воспитания и, как говорят, вступивши на престол, едва умел читать. |
1619 жылы, Патриарх Филарета полостония туткунан бошотулгандан кийин, чындыгында бийлик анын колуна өтөт.Мамлекеттик грамоталар падышанын жана патриархтын атынан жазылган.
Михаил Фёдорович башкарган учурда, Швеция менен (Столбов тынчтыгы 1617, бул тынчтык менен Орусияга Новгород жерлери кайтарылган) жана Речья Посполотия менен болгон согуштар токтотулат, чет мамлекеттер менен карым-катнаштар жаңыланат. 1621 жылы падышага арнап Посполития буйругунун кызматкерлери «Вестовые письма» аттуу биринчи орус гезитин чыгара башташат. 1631-1634 жылдары жаңы полкторду уюштуруу аткарылган. 1632 жылы Андрей Винус Михаил Фёдоровичтин уруксаты менен Тулага жакын биринчи чоюнэритүүчү, темиржасоочу жана курал заводдорун уюштурган.
1637 жылы качып жүргөн крестьяндарды кармоо мөөнөтү 9 жылга чейин, ал эми 1641 жылы - дагы бир жылга узартылган. Башка ээлер ачет өлкөгө алып чыгып кеткендерди 15 жылга чейин издөөгөболгон.
Михаил Фёдорович менен Евдокия Лукьяновнанын балдары :
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.