From Wikipedia, the free encyclopedia
Мезонефрос (адепки бөйрөк) - сийдик бөлүп чыгаруучу жуптуу орган. Көптөгөн ийри-буйру каналчалардан турат, ар бир каналчанын бир учунда өсүндү – мальпиги бүртүкчөлөрү, экинчи учу вольф каналына ачылат. Тегерек ооздуулар, балыктар жана жерде-сууда жашоочуларда М. өмүрү бою сакталат, амниоттордо - түйүлдүктүн өрчүшүнүн алгачкы стадияларында гана болот, андан кийин метанефроско алмашат. Амниоттордун (сойлоктор, канаттуулар, сүт эмүүчүлөр) эркектеринде М. бөлүгүнүн көбү урук кыпчыкейине айланып вольф каналы менен бирге урук өткөргүч каналга айланат. Ургаачыларында М. редукцияланылат (жоголот).
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.