From Wikipedia, the free encyclopedia
Литовдор, летувий – Литванын жергиликтүү калкы. Россия Федерациясы, Латвия, Украина, Беларуссия, Польша, Канада, АКШда жашашат. Жалпы саны 4,2 млн киши, анын 2,9 млну Литвада (2009). Литва тилинде сүйлөшөт, динге ишенгендери – католиктер. Литвалыктардын этностук негизин балтика уруулары (литва, жемайт, аукшайт, прусс, ятвяг) түзгөн. Алар биздин заманга чейин 2-миң жылдыктын 1-жарымында Даугава жана Неман дарыясынын жээктерине жайгашып, жергиликтүү калк менен ассимиляциялашкан. Дыйканчылык, мал чарбачылык, аарычылык жана балык кармоочулук менен кесиптенишкен. Улуттук кийими – аялдары узун көйнөк, кенен юбка, алжапкыч, жеңсиз күрмө кийип, белине кур курчанат. Башына оймолуу тасма же чепец кийип, жоолук салынат. Кийимдери саймаланып жана шурулар менен кооздолгон. Эркектери боз кендирден тигилген көйнөк, ыштан, күрмө, башына калпак киет. Тамак-ашы – негизинен дан, эт, сүт азыктары.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.