Жан Батист Ламарк (1. 8. 1744, Базантен, Пикардия – 18. 12. 1829, Париж) – франциялык табият изилдөөчү. Париж ИАнын мүчөсү (1783). Иезуиттер мектебинде окуган (Амьен), кудай жолуна түшүү карьерасынан баш тартып, 1761–68-ж. армияда кызмат кылган. 1772–76-ж. Медициналык жогоргу мектепте метеорология, медицина, химия, ботаника илимдерин үйрөнүп, моллюскалардын раковинасын коллекциялаган. 1777 –78-ж. «Франциянын флорасы» деген 3 томдук эмгеги жарык көргөн. Ал китепте анын дихотомиялык принцип менен өсүмдүктөрдү практикалык аныктоосу сунушталган. Бул эмгек ага көрүнүктүү ботаниктердин бири катары атакка ээ кылган. 1780–81-ж. Европа боюнча саякатта болуп, табигый-тарыхый коллекцияларды изилдеген. Королдун ботаникалык багынын коллекциясын түзүп, музей уюштурган. Ал музейдин зоология кафедрасында 24 жыл башчы болгон.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.